Камакта отургандарга телевизордун ичине 14 телефон салып өткөрүп берүүгө аракет кылышкан
RU

Камакта отургандарга телевизордун ичине 14 телефон салып өткөрүп берүүгө аракет кылышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 26-мартында, болжол менен саат 11:50 чамасында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКнын Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Ж.К.Кга атасы К.Н.К. тыюу салынган буюмдарды текшерүүдөн катып өткөрүү максатында, мискейдин түбүнө жашыруун түрдө атайын жай жасалганы аныкталды.

Анын ичине ак жана кара түстөгү 2 даана "XIAOMI" маркасындагы уюлдук телефон, уюлдук телефон үчүн 4 даана наушник, 1 даана уюлдук телефонду заряддагыч жана башка тыюу салынган буюмдары ЖАМКнын №50 мекемесинин кызматкерлери тарабынан табылып, алынды. Бул факт 26.03.2021-жылы АМС КЖБР № 02-876-2021-000003 болуп катталды.

Ал эми, 2021-жылдын 27-мартында болжол менен саат 15:40 чамасында ЖАМКнын Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 мекемесинин диний экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондорду кармоочу обочолонгон аймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон А.А.У.га Кыргыз Республикасынын жараны Ж.у.А. тамак-аш жана телевизор берүүгө келген.

Мекеменин текшерип өткөрүү жайынан кызматкерлер тамак-аштарды жана телевизорду текшерүү учурунда, телевизордун ичинен 14 даана уюлдук телефон таап алышкан. Бул факт 27.03.2021-жылы АМС КЖБР № 02-869-2021-000002 болуп катталды. ЖАМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1089