57 жаштагы кишиден 15 килограммдан ашык марихуана табылган
RU

57 жаштагы кишиден 15 килограммдан ашык марихуана табылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун тургунунан баңгизат табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Ысык-Көл облусунун ИИБнын ыкчам кызматкерлерине үйүндө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактап жүргөн айыл тургуну тууралуу маалымат түшкөн.

Көп өтпөй кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын 57 жаштагы тургуну И.З. Милиция кызматкерлери анын үйүн тинтүү учурунда 15 килограммдан ашык марихуана салынган пакетти табышкан.

Шектүү үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10909