15-маттан тарта Бишкекте жол эрежесинин бузулушун каттаган көчмө аппараттар иштеп баштайт
RU

15-маттан тарта Бишкекте жол эрежесинин бузулушун каттаган көчмө аппараттар иштеп баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-марттан тарта Бишкек менен Чүйдүн жолдорунда жол эрежесинин бузулушун каттаган көчмө камералар иштей баштайт. Бул тууралуу ЖКККБ башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жасалып жатканын аталган башкармалык билдирди.

Ошондой эле, буга чейин коюлган көчмө-аппараттык камералардын жандарына коомчулукка маалымат берүү максатында атайын эскертүүчү белгилер орнотулганын Жол кайгуул кызматы кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10915