Кадамжайда айдоочу 5 жаштагы баланы сүзүп кетти
RU

Кадамжайда айдоочу 5 жаштагы баланы сүзүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 5 жаштагы баланы айдоочу сүзүп кеткен. Kaktus.kg сайтына Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочу кармалды.

Окуя 14-мартта саат 21:45 чамасында Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында болгон. Анда айдоочу 2017-жылы туулган А.Н. аттуу баланысүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бала денесинен жаракат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында шектүү катары 1953- жылы туулган М.Н. кармалды. Айдоочу унаасын үйлөрдүн бирине жашырып койгон. Учурда айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, автоунаа убактылуу айып короого токтотулду. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10928