Энергетика министрлиги электр энергияга болгон тарифти 3,1 эсе көтөрүү керек деп билдирди
RU

Энергетика министрлиги электр энергияга болгон тарифти 3,1 эсе көтөрүү керек деп билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министрлигинин Фейсбук социалдык баракчасында электр энергиясына болгон тарифтер өздүк наркына чейин, башкача айтканда 3,1 эсеге (2,38 сомго чейин) көтөрүлүшү керек деген жарыя пайда болду.

"Бүгүнкү күндө калк үчүн бир киловатт-саат электр энергиясынын тарифи 0,77 сомду түзүүдө. Бул өздүк нарктан 3,1 эсе аз. Биз электр энергиясынын реалдуу өздүк наркына өтүшүбүз керек", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат 15-мартта түштөн кийин чыккан, бирок бир нече сааттан кийин өчүрүлгөн. Пост эмне үчүн өчүрүлгөнү белгисиз. Ошол эле учурда бул маалыматка тиркелген видео министрликтин Instagram баракчасындагы бар.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 21-январында президент Садыр Жапаров калк үчүн электр энергиясынын баасы көтөрүлөрүн билдирген.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына болгон тариф 0,77 сомдон 1 сомго чейин көтөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10935