"Балам менин жазамды тартып жатат". Аялдар түрмөсүндө төрөлгөн балдар (видео)
RU

"Балам менин жазамды тартып жатат". Аялдар түрмөсүндө төрөлгөн балдар (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Степное айылындагы №2 түзөтүүчү мекеме - республикадагы жалгыз аялдар колониясы. Учурда бул жерде алты балалуу аял камакта. Мындай айымдардын бири менен Kaktus.kg редакциясынын журналисттери баарлашты.

Соттолгондордун алтоо тең темир тор аркасында төрөгөндөр. Балдары үчкө чыккандан кийин апаларынын жанында болот. Андан кийин туугандарына же бакканга киши жок болсо балдар үйүнө өткөрүлүп берилет. Балалуу энелер үчүн колонияда өзүнчө блок бөлүнгөн, анда уктоочу бөлмө, оюн бөлмөсү бар. Дарыгерлер эне-баланы көзөмөлгө алып турушат. Алардын коопсуздугу үчүн 24 саат видео көзөмөл иштеп турат.

Аялдардын айтымында, колонияда балдарынын чоңоюп жатканын көрүү алар үчүн эң оор жаза. Азыр №2 колонияда 17 жаштан 75 жашка чейинки 250дөй аял жазасын өтөп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10942