Депутат: Тенгиз Бөлтүрүк 480 миң доллар сый акы, 205 миң доллар аванс алып, кайтарган эмес
RU

Депутат: Тенгиз Бөлтүрүк 480 миң доллар сый акы, 205 миң доллар аванс алып, кайтарган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин камакта жаткан мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдын 17-майынан тартып 2022-жылдын 11-февралына чейин 480 миң 633 доллар сый акы алган. Бул убакыт аралыгында Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр" ишканасын жетектеп турган. Маалыматты "Кумтөрдүн" ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев парламенттин 16-марттагы жыйынында билдирди.

"2022-жылдын 15-февралында Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" тышкы башкаруучу кызматынан бошотулган. Бирок ага карабай улуттук холдингдин жетекчиси болуп туруп 2022-жылдын август айына чейин "Кумтөр"  компаниясынан 403 миң 185 доллар негизсиз сый акы катары алган",-деди Малиев.

Андан сырткары 25 миң 514 доллар "аванс" алып, аны кайтарган эмес.

Эске салсак, "Кумтөрдөгү" коррупция боюнча Башкы прокуратура 2022-жылы сентябрда кылмыш ишин козгогон.

Анын алкагында былтыр сентябрь айында Тенгиз Бөлтүрүк кармалып, УКМКнын тергөө абагында жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10958