Депутат: Бурулайдын өлүмү биз үчүн сабак болгон жок. Ала качуу мыйзамын күчөтүү зарыл
RU

Депутат: Бурулайдын өлүмү биз үчүн сабак болгон жок. Ала качуу мыйзамын күчөтүү зарыл

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эмил Токтошев парламенттин жыйыны учурунда ала качуу мыйзамын күчөтүүгө үндөдү.

Парламентарий каза болгон Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, киши уурдагандардын жазасын күчөтүп, жооптуулардын катарын кеңейтүү керектигин билдирди. Ошол эле учурда, аны менен катарлаш отурган Каныбек Иманалиевдин креслосунда "Ала качуу салт эмес! Кылмышкерлер жоопко тартылсын" деген жазуу менен плакат турду.

"Бурулайдын өлүмү биз үчүн сабак болгон жок. Мен Кыргызстандын эркектерине кайрылгым келип турат. Бардыгыбыздын апаларыбыз, кыздарыбыз, эже-карындаштарыбыз бар. Качан биз аларды сыйлаганды үйрөнөбүз? Мыйзамдарыбыз бар, бирок алар иштебейт. Ала качуу салт эмес, бул кылмыш жана зомбулук. Бир эле адам ала качпайт, ага жардам бергендердин бардыгы жоопко тартылыш керек. Акыры буга чекит коюп, ишти аягына чейин чыгарышыбыз керек", - деди депутат.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкекте үч эркек киши 27-жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкен. 7-апрелде анын жана аны ала качкан Замир Теңизбаевдин сөөктөрү Бишкектен алыс эмес Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1096