Чүйдө 12 жаштагы окуучу сабалып келген. Шектүү катары атасы кармалды
Чүйдүн Москва районунда 12 жаштагы баланы сабоого шектелип атасы кармалды. Маалыматты облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 16-мартта милициянын аймактык тескөөчүсү рапорт менен РИИБге кайрылган. Анда 12 жаштагы Д.К. аттуу окуучу атасы тарабынан катуу сабалганын маалымдаган.
Бул факты 138-беренеде (Кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен каттоого алынган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуучунун денесинде мурдагы жана жаңы тырыктар жана жаракаттар болгон. Аны өз атасы (1989-жылы туулган Д.З.) сабап келген. Буга байланыштуу окуучунун атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10971