Акыйкатчы: Карындашын коргогон жигитти 15 бала сабап, эч ким жазага тартылган эмес
RU

Акыйкатчы: Карындашын коргогон жигитти 15 бала сабап, эч ким жазага тартылган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өлкөдөгү аялдардын, балдардын укугу тууралуу маалымат берип, бир катар кейиштүү окуяларды ачыктап берди. Ал Нарында карындашын коргогон жигитти топ балдар сабап кеткенин, анын иши боюнча эч ким жазага тартылбаганын, себеби эмнеде экенин айтат.

"Нарын районунда жалгыз бой эненин баласы түн ичинде карындашына тийишип, үйүнө чейин киргенге аракет кылган балдарды кууп жиберген. Эртеси күнү аны 15 бала ур-токмокко алып, катуу жаракат алган. Жигитти 7 күндүн ичинде ооруканадан чыгарууга аракет кылган.

Себеби, экспертиза сабалып, ур-токмокко алынган жаран 7 күн аралыгында ооруканадан чыкса жаракаты жеңил, ал эми 7 күндөн ашык жатса абалы оор деп калыптанып калган ыкма менен баа берип коёт.

Андан кийин сабалган жигит башка ооруканага жаткырылып, операция жасалып, 2,5-3 айга чейин дарыланды. Анысы аздай баланын апасына "эч нерсе кыла албайсың, колуңдан эч нерсе келбейт, биз милиция менен сүйлөшүп койдук" дешкен. Биз чырылдадык, чуркадык, соттук-медициналык экспертизага, Саламаттыкты сактоо министрлигине да кайрылдык. Бирок "жаракаты жеңил" деп көгөрүп туруп алышты. Ошентип эки тарап сүйлөшүп, иш расмий кыскартылган. Кесепети - бир үйдүн багуучусу ден соолугунан жабыркап калды", - дейт ал.

Акыйкатчы мындай учурлар көп экенин, прокуратурага бул маселе боюнча кайрылганын, соттук экспертизаларды текшерүүгө алууну сунуштап жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10981