УКМК алты бажы кызматкерин, анын ичинде жогорку кызматтагы адамдардын жакындарын кармады
RU

УКМК алты бажы кызматкерин, анын ичинде жогорку кызматтагы адамдардын жакындарын кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Товарларды "жашыруун транзиттөөгө" тиешеси бар Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалымдалгандай, Бажы кызматынын айрым кызмат адамдары жеке компаниялар менен сүйлөшүп алып, текшерүү функцияларына жана ыйгарым укуктарына таянып, жашыруун транзиттик жол менен Кытайдан эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп алган. Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстан Республикасына транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстанга кирип турган.

Бул кылмыш иши боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын 3 өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 миллиард сомго жакын болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, кармалган мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10988