Дональд Трамп 21-мартта камакка алынарын айтып, тарапташтарын митингге чыгууга чакырды
RU

Дональд Трамп 21-мартта камакка алынарын айтып, тарапташтарын митингге чыгууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Truth Social каналындагы билдирүүсүндө тарапташтарын аны коргоо үчүн көчөгө чыгууга үндөдү.

Трамп анын камалышы тууралуу маалымат "коррупцияланган жана өтө саясатташкан Манхэттендин прокуратурасы" тарабынан экенин айтып, өзүн күнөөсүз деп эсептей турганын кошумчалаган.

Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, АКШнын укук коргоо кызматкерлери Трамп чындап эле кармалып, келерки аптада соттолушу мүмкүн экенине даярданып жатышат.

Трамп, эгер, чын эле кылмыш жоопкерчилигине тартылса, бул анын келерки жылдагы президенттик шайлоодогу мүмкүнчүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Буга чейин ал шайлоого катышарын айткан.

Кээ бир саясий серепчилердин айтымында, камакка алуу мурунку АКШ президентинин тарапташтарын жандантып, анын шайлоодогу мүмкүнчүлүгүн жогорулатышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11007