Президенттик фонддон "Нооруз-2023" көк-бөрү оюнуна 3 млн.сомдон ашык каражат бөлүндү
RU

Президенттик фонддон "Нооруз-2023" көк-бөрү оюнуна 3 млн.сомдон ашык каражат бөлүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ак-Кула ат майданында Нооруз майрамына карата республикалык көк бөрү улуттук оюну өтүп жатат.

19-марттагы оюнга президент Садыр Жапаров дагы күбө болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, быйылкы Нооруз майрамына арналган көк бөрү оюнунун жалпы байгеси жети млн.сомдун тегерегин түзөт. Анын 3 млн.сому президенттин фондунан. Бул тууралуу оюн маалында баяндамачы Асылбек Өзүбеков маалымдады.

Эске салсак, учурда тайпалык оюндар болуп жатат. 21-мартта жарым финал жана финалдык оюндар аталган ипподромдо өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11009