Укук коргоочу: Ошто 3 жашар бала чарчап калган, жакындары милицияга кабар берген эмес
RU

Укук коргоочу: Ошто 3 жашар бала чарчап калган, жакындары милицияга кабар берген эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштун Жапалак айылында 3 жашар бала чарчап калды. Баланын жакындары өлүмдүн себептерин жашырып жатканын укук коргоочу Назгүл Турдубекова Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ал Kaktus.media сайтына баланы жакындары тез арада көмүп салышканын, бирок бул факты боюнча милицияга кабарлашпаганын кошумчалады. Атасы Москвада, апасы туугандарыныкында болгон. Баланын чарчап калышына мүмкүн апасынын туугандары себептир дейт укук коргоочу.

Бул фактыны Ош ШИИБден Kaktus.media`га тастыкташып, кийинчерээк маалымат берилерин белгилешти.

Ошондой эле Назгүл Турдубекова учурда балдардын сабалышы боюнча төрт окуяга жардам берип жатканын, Оштогу окуя да алардын бири экенин билдирди.

"Сокулукта 11 жаштагы баланы зомбулукка кабылышы боюнча анын үй-бүлөсүнө жардам берип жатабыз. Аларга психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Андан тышкары 15 жаштагы бала сабалып, ооруканада жатканы тууралуу маалымат бар. Өспүрүмдүн атасы укук коргоо органынын кызматкери", - дейт Турдубекова.

Ал Белодовск айылында атасы тарабынан сабалган баланын окуясына өзүнчө токтолду.

"Атасы уулун көптөн бери сабап жүргөн. Азыр бала агасынын колунда. Баланын апасы боюнча да суроолор бар. Улуттук жана эл аралык стандарттар боюнча аны да камаш керек болчу. Анткени, апасы уруп-сабоонун күбөсү болуп туруп үн каткан эмес", - деди укук коргоочу.

Укук коргоочу кошумчалагандай, Москва районунун социалдык кызматы резонанс болгондон кийин гана реакция кылат.

"Кыргызстанда балдарды коргоо системасы жок. Кырсык болгондо гана жооп кайтаруу системасы бар. Ошондо милиция жана оорукана ишке аралашат. Бирок балдарга карата зордук-зомбулук боюнча алдын ала эскертүү системасы жок. Анткени, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинде балдарды коргоо боюнча бир дагы кызматкер жок", - деп белгиледи.

Ал Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине, президентке жана анын басма сөз катчысына, ошондой эле министрлер кабинетине Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылды.

"Социалдык кызматкерлердин ичинен үй-бүлөнү колдоо жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо кызматтарын түзүү керек болчу. Балдарын ур-токмокко алып, өлтүрүп албоо үчүн үй-бүлө менен алдын ала иш алып баруу зарыл. Бирок, тилекке каршы, менин сунушум жана бир топ активисттердин сунушу кабыл алынган жок. Азыр көрүп тургандай, күндөн-күнгө абал оорлоп баратат. Быйыл Кыргызстандан Россияга дагы көп мигранттар барышты. Алардын балдарын кантип коргойсуңар? Балдары кароосуз калды. Кыйноого, зордук-зомбулукка, балдардын өлтүрүлүшүнө качанкыга чейин чыдоо керек?", - деп суроо салды укук коргоочу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11015