Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу жаңы эрежелер боюнча иштөөгө даярданууда
RU

Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу жаңы эрежелер боюнча иштөөгө даярданууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү жана атамекендик дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектерге бааларды мамлекеттик жөнгө салуу, саламаттык сактоо мекемелери тарабынан берилген дары-дармектерге акы төлөөнүн кармалуусу, дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоого байланыштуу көйгөйлөр, атамекендик дары-дармек рыногунун ЕАЭБ талаптарына жооп берүүсүнө тийиштүү маселелерди көтөрдү, ошондой эле дармектерди мыйзамсыз киргизүүгө жана аларга карата баалардын жогорулашына алып келүүчү кошумча нарк салыгынын киргизилиши боюнча кооптонусун билдиришти.

"Жогорку кирешелүү фармацевтикалык рынокто бардыгы эле эреже боюнча иш алып барбасы түшүнүктүү. Максималдуу киреше алууга умтулган "күңүрт" схема боюнча иштөөгө аракеттенген белгилүү ташуучулар бар. Мындай фактылар орун алууда, болбосо жарандар Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү дары-дармектерге карата баалардын ажырымына нааразы болмок эмес. Жана бул рецепттик дармектерге гана тийиштүү эмес. Рынокту жөнгө салуу ушунчалык күчөтүлгөндүктөн, таңгактын дизайнындагы майда өзгөртүүлөр да Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинде алты айлап макулдашууну талап кылат. Көптөгөн өндүрүүчүлөр рыноктун кичи көлөмүнө байланыштуу дармектерди Кыргызстанда каттоого кызыкпайт, бул дары-дармектердин баасына өз таасирин тийгизет. Биз дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоо боюнча талаптарды жөнөкөйлөштүрүп, Европа, Россия жана башка өлкөлөрдөгү жүгүртүүдөгү дары-дармектерди таануу үчүн мүмкүнчүлүк түзүүбүз керек. Департамент кагаз жүзүндөгү текшерүүнү гана жүргүзөт. Буга катар биз рыноктогу фармацевтикалык дармектердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүбүз жана маанилүү дары-дармектерге карата бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүбүз керек", - деп белгиледи Артем Новиков.

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектерге бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу идеяны жалпысынан колдоого алды.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков эки жума ичинде дары-дармектерди киргизүү боюнча, атамекендик жана чет элдик дармектерди каттоо жана кайра каттоого алуу мөөнөтүн кыскартууга тийиштүү, регистрациялык досьеге өзгөртүү чектеринин критерийлерин иштеп чыгуу боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тараптан жооп болбогон учурда "унчукпоо макулдуктун белгиси" принцибин ишке киргизүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1101