Таласта 14 жаштагы кыз зордукталган. Кылмышты жашырган деп милиция кызматкери кармалды
RU

Таласта 14 жаштагы кыз зордукталган. Кылмышты жашырган деп милиция кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таластагы 14 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча зордукчунун кылмышын жаап-жашырган деген шек менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 16-март күнү милицияга арыз менен аял кайрылган. Арыз ээсинин жашы жете элек небересин зордуктаган белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу 2009-жылы туулган.

Шектүү кармалган. Ал 2001-жылы туулган жергиликтүү тургун болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Прокуратура бул окуяны жашыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

"Зордуктоо фактысын билип туруп ал кылмышты жашырып жүргөн айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды",-деп айтылат маалыматта.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11028