УКМК мыйзамсыз кумаркананы аныктады. Милиция аны жашырып жүргөн деп шектелүүдө
RU

УКМК мыйзамсыз кумаркананы аныктады. Милиция аны жашырып жүргөн деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда "компьютердик клуб" атын жамынып, иштеп жаткан мыйзамсыз кумаркана жайларынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта мыйзамсыз оюн-зоок мекемелеринни уюштуруучулары жана администраторлору кармалган.

"Ар бир мекеменин айлык жүгүртүүсү миллион сомдон ашты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, алардын кассаларынан сутка ичинде түшкөн 200 миң сомдон ашык акча табылган.

"Мындан тышкары оюн автоматтары катары иштеген 40ка жакын компьютер, тиешелүү программалык камсыздоосу менен конфискацияланган. Ошондой эле 30 адам мекемеде эмне кылып жүргөндүгүн аныктоо үчүн кармалган. Аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Козголгон кылмыш иши боюнча салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды.

Облустун айрым укук коргоо кызматкерлери мыйзамсыз кумарканалардын ишин жаап-жашыргандарга катыштыгы бар деп шектелүүдө. Буга байланыштуу алардын өздүгүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11046