Жаңы достор жана тажрыйба! Ысык-Көл эл аралык марафонуна ыктыярчыларды тандоо жарыяланат
RU

Жаңы достор жана тажрыйба! Ысык-Көл эл аралык марафонуна ыктыярчыларды тандоо жарыяланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ШКУнун "Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization" Ысык-Көл IX эл аралык марафонуна ыктыярчыларды тандоону жарыялайт.

Ыктыярчылар марафондо төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

  • катышуучуларды жайгаштыруу жана тамактандыруу;
  • транспорттук логистика;
  • демөөрчүлөр менен иштөө;
  • ЖМК менен иштөө;
  • медициналык коштоо;
  • калыстар менен иштөө;
  • катышуучулардын атташеси (котормочулар);
  • күйөрмандар үчүн кызматтар;
  • VIP-конокторду коштоо.

Кыргызстандагы ири эл аралык спорттук иш-чаранын бир бөлүгү болуу менен бирге, марафондун алкагында жаңы досторду табып, ыктыярчылык тармакта чоң тажрыйба ала аласыз.

ШКУнун "Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization" Ысык-Көл IX эл аралык марафону 2021-жылдын 15-майында Ыссык-Көл облусунда өтөт.

Ыктыярчылар кыргыз, орус жана англис тилдерин эркин билген, 18 жаштан жаш эмес Кыргыз Республикасынын жарандары болушу керек.

Табыштамалар [email protected] дареги боюнча 2021-жылдын 5-апрель күнүнүн саат 17:00 го чейин кабыл алынат.

Табыштама менен бирге талапкерлердин өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн жана "Марафонду өткөрүүдөгү менин ролум" темасына мотивациялык кат коштоо зарыл.

Кошумча суроолор боюнча 0312 32-52-18 телефону аркылуу байланышсаӊыз болот, Мамагенттиктин жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин м.а. Иманкулова Айза.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1104