Чек ара кызматы кыргыз-тажик участкасындагы абалды айтып, ушактарга ишенбөөгө чакырды
RU

Чек ара кызматы кыргыз-тажик участкасындагы абалды айтып, ушактарга ишенбөөгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында абал бүгүн, 22-мартка карата туруктуу. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынын маалымдайт.

Белгиленгендей, күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен биргеликте абалдын туруктуу болушуна багытталган иш-чараларды өткөрүүдө.

Чек араны биргелешип кайтаруунун сапатын жакшыртуу максатында Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды ар дайым өткөрүп турушат. Бирок акыркы мезгилде жергиликтүү калктын арасында такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар таркаган учурлар көбөйүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды ар кандай ушактарга жана ызы-чууга алдырбоого чакырат.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11051