"Альянс Алтындын" колдоосу менен Талас шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жаңыланды
RU

"Альянс Алтындын" колдоосу менен Талас шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жаңыланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-мартта Талас шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби кайрадан ишке кирди. Облус башчысы Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, "Альянс Алтын" компаниясынын мамлекеттик органдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Кынатбек Сарчаев жана спорт тармагынын кызматкерлери менен жаш спортчулар катышты.

Эске салсак, 2022-жылдын 20-июнунда аталган спорт мектебинде өрт чыгып, чатыры жана эмеректери күйүп, окуу үчүн жараксыз абалга келген.

Өрттөнгөн имаратты калыбына келтирүүдө демөөрчүлүк кылган "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунан 6 миллион сомдон ашык каржылык колдоо болгонун компаниянын кызматкери Кынатбек Сарчаев билдирди. Анын айтымында, имарат кырсыкка учурагандан кийин тез арада калыбына келтирүү үчүн өнүктүрүү фондуна кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуунун негизинде ммараттын чатырын жабууга жана сырткы, ички ремонт иштерине 4,7 миллион сом, спорт жабдыктарын сатып алууга 513 360 сом, олимпиадалык бокс рингин сатып алууга 340 миң сом жана 100 бала, 6 машыктыруучуга спорт формаларын алып берүүгө 578 550 мин сом бөлүнгөн.

Салтанаттуу ачылыш аземге катышкан Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов ачылып жаткан заманбап бокс залынан олимпиаданын чемпиондору чыгарына ишеним артарын жана каржылык колдоо көрсөткөндүгү үчүн "Альянс Алтын" компаниясына ыраазычылык сөзүн айтты.

Спорт мектебиндеги бокс залына, бокс федерациясынын Талас облусу боюнча экс-вице президенти, маркум Талант Жолдошевдин ысымы ыйгарылды. Кезинде жаш боксчуларды дүйнө чемпиондугуна чейин алып чыгууда чоң эмгек жасаган Талант Жолдошевдин жакындары анын ысымы бокс залына берилип, материалдык жактан көмөк көрсөткөндүгү үчүн "Альянс Алтын" компаниясына ыраазычылыгын билдиришти.

Азия чемпиону, боксчу Алишер Чаткалбеков атасынын атынан коюлган бокс залында мындан ары машыктыруучу болуп эмегектенет.

"Талас шаарындагы спорт мектебинде бокс боюнча секция эгемендүүлүктү алган жылдары жоюлуп кетип, атам Талант Жолдошев 2011-жылы кайрадан түптөгөн. Бир топ спортчуларды дуйнөлүк аренага чейин алып чыкканга үлгүрдү. Кырсык болуп, 2022-жылдын жайында күйүп кеткен спорт мектепти бокс залы кылып ачып берген жергиликтүү бийликке, каржылык жактан колдоо көрсөткөн "Альянс Алтын" компаниясына үй-бүлөбүздүн жана жаш спортчулардын атынан ырахмат айтабыз", - деп билдирди Чаткалбеков.

Маалымат катары: Талас шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби 1960-жылдары ачылган. Учурда шаардын үч жеринде спорттук залдары орун алган. Бардыгы болуп 27 штаттык бирдик жана 840 өспүрүм тарбияланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11053