Кара-Балтада 17 жаштагы Акбермет Жорокулова февралдан бери изделип жатат
RU

Кара-Балтада 17 жаштагы Акбермет Жорокулова февралдан бери изделип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балтада дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Акбермет Жорокулова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-февралында Жайыл райондук милициясына дайынсыз жоголгон кыздын туугандары кайрылып, Акбермет Жорокулова ошол күнү саат 13:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин билдиришкен.

Белгилери: бою 165-168 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кой көз.

Кийими: кара түстөгү куртка (жакасы ак), кара түстөгү толстовка жана шым, ак түстөгү бут кийим.

Акбермет Жорокулованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 номерлерине кайрыла алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11098