Өзгөндө 60 жаштагы жаран 13 жаштагы өспүрүмгө сексуалдык ыдык жасаган деп шектелүүдө
RU

Өзгөндө 60 жаштагы жаран 13 жаштагы өспүрүмгө сексуалдык ыдык жасаган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Өзгөн шаарында 60 жаштагы киши 13 жаштагы кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасаганга шектелүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-март күнү Өзгөн РИИБине 33 жаштагы Н.Р арыз менен кайрылып, 2023-жылдын февраль айында 60 жаштагы С.К.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда арзыдануучу 13 жаштагы кызына шектүү унаада сексуалдык ыдык көргөзгөнүн билдирген.

Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Адепсиз жоруктар" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Соттун чечими менен кылмышка шектүү эки айга Ош шаарындагы СИЗОго камакка алынган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11105