Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боомдогу өрт 50 гектар аянтты каптаганын билдирди
RU

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боомдогу өрт 50 гектар аянтты каптаганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк-Мойнок-2 айылындагы өрттү өчүрүүгө 140 адам катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү кызматы саат 12:34тө чакырылган. Андан бери үч өрт өчүрүүчү бөлүм, эки мотопомп, ӨКМдин 28 куткаруучусу, токой чарбасынын 26, темир жолдун 20, райондук милициянын 16 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт жалпысынан 50 гектар жерди каптаган.

"Өрт ар кайсы аймактардан каптаган. Азыр өрттүн күчөп, май куюучу жайга жана жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө чейин жетпөөсү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11112