Орто-Токойдо курула турган кичи ГЭС 35,9 миллион долларга салынат
RU

Орто-Токойдо курула турган кичи ГЭС 35,9 миллион долларга салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Чакан ГЭС" ААКнын акционерлеринин кезексиз жыйынында алар Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭС куруу боюнча Кытайдан келген China National Heavy Machinery Corporation менен келишим түзүүнү жактырышты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Эске салсак, "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директору Нурлан Садыков менен Кытайдын улуттук оор машина куруу корпорациясынын вице-президенти Чжэн Хансонгдун алдында "Орто-Токой" кичи ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюлган.

Акционерлердин жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушунун баасы 35,9 миллион долларды түзөт. ГЭС ушул эле аталыштагы суу сактагычтын бассейнине курулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11138