Байгеси 5 млн рубль. Кыргызстандык топ Россияда өтүп жаткан шоунун суперфиналына чыкты
RU

Байгеси 5 млн рубль. Кыргызстандык топ Россияда өтүп жаткан шоунун суперфиналына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Kairos кавер тобу Россияда өтүп жаткан "Битва каверов. шоусунун суперфиналына чыкты.

Шоу СТС каналында көрсөтүлөт, ага Россиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кубанын ар кайсы шаарларынан 40 музыкалык топ катышууда. Биздин жигиттердин катышуусундагы эпизод 24-мартта эфирге чыкты.

Музыкалык топтор бири-бири менен атаандашкан бир нече турнирлерден турат. Шоунун алгачкы эки этабында Kairos тобу калыстардын көпчүлүк добушу менен эң мыкты деп табылса, акыркы турда залдагы көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн добушуна ээ болушту.

Биринчи чыгарылышта кыргызстандык топ эң мыкты болуп, 500 миң рубль сыйлык жана 5 миллион рубль байге коюлган шоунун супер финалына катышуу укугуна ээ болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11146