Бишкекте 15 окуучу ата-баланы сабаган. Баланын бир кулагы укпай, бир көзү көрбөй калды
RU

Бишкекте 15 окуучу ата-баланы сабаган. Баланын бир кулагы укпай, бир көзү көрбөй калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Дордой конушунда 15 өспүрүм турак үйлөрдүн бирине киришип, кожоюн менен анын уулун сабап салган. Бул окуядан кийин милиция кызматкерлери кол салгандарга чара көрбөй жатканын Kaktus.media сайтына жабырлануучу тараптын жакыны билдирди.

Айтымында, агасы уулу менен Дордой конушуна жакында көчүп келишкен, эч кимге тоскоолдук жаратышпай жашап жатышкан.

"Ушул жылдын 17-мартында алардын үйүнүн аймагына 15 окуучу барып, короого кирип баратып жээниме, андан кийинагама кол салышыптыр. Өспүрүмдөрдүн бири агамдын мойнуна бычак такап, коркуткан", - дейт ал.

Кол салгандар балдарга каршылык көрсөткөн агасы менен жээни ар кандай жаракаттарды алганын кошумчалады.

"Агам окуучуларга тап берген, бирок алар көп болгондуктан денесинен жаракаттарды алган. Ал ооруканага кайпылган эмес. Ал эми жээним бейтапканага жаткырылган, азыр бир көзү көрбөй, бир кулагы да укпай жатат", - деди жабырлануучу жакыны.

Бул окуя боюнча Свердлов РИИБдин №7 шаардык милиция бөлүмүнө арыз жазылган, бирок эч кандай аракеттер көрүлбөй, арыздануучу Свердлов РИИБдин өзүнө кайрылган. Бирок дагы деле чара көрүлбөй жатыптыр.

"Кол салган окуучулар ким экенин өбүзүз билип алдык. Алар №94 мектептин окуучулары. Балдардын дээрлик баары милициянын каттоосунда экен. Бычак такаган окуучунун аты Асан, анын достору Муслим, Искак, Нуру, Тумар, Али, калгандарын билбейбиз, бирок көрсөк барын тааныйбыз", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11187