19 жаштагы кыз милицияга аны атасы зордуктаганын айтып кайрылган
RU

19 жаштагы кыз милицияга аны атасы зордуктаганын айтып кайрылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кыз атасын зордуктады деп айыптады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына райондун 19 жаштагы тургуну 2022-жылдын сентябрь айында өз атасы тарабынан зордукталганын айтып арыз менен кайрылган.

"Кыздын айтымында, шектүү аны коркутуп, зордуктоо тууралуу кимдир бирөөлөргө же апасына айтса "өлтүрөм" деп коркуткан. Бир жылдан кийин кыз апасына бир канча жолу зордукталганын айтып, милицияга арыз жазган", - деп айтылат маалыматта.

Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган факты "Зордуктоо" беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11190