Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүлдү
RU

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, эми бул жарлыкка ылайык, Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүлөт.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, бул чара мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана анын функцияларын күчөтүүгө багытталган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өз алдынча мамлекеттик орган катары 1991-жылдын 21-январында президенттин "Министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө" жарлыгы менен түзүлгөн. 30 жылдын ичинде бөлүм 7 жолу реформаланып, уюштуруу формасын өзгөрткөн.

Учурда Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттин атынан экономиканын түрдүү тармактарындагы 42 бизнес-компаниянын акционери катары иш алып барат. Ошондой эле ишмердүүлүктүн төмөнкү багыттары боюнча 88 мамлекеттик ишкана бар: транспорт жана коммуникация тармагында – 11 МИ, байланыш, телевидение жана инновациялык кызмат көрсөтүү тармагында – 12 МИ, айыл чарба тармагында – 24 МИ, мамлекеттик геология системасы - 2, ар кандай кызматтарды көрсөтүү - 39 мамлекеттик ишкана.

Фондго ар бир мамлекеттик ишкананын штаттык санын координациялоого, алардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчётторун жана тиешелүү жылга бюджеттин долбоорлорун бекитүүгө, ошондой эле бюджетке чегериле турган таза пайданын өлчөмүн бекитүүгө ыйгарым укук берилген. Мамлекеттик ишканалардын ишине мындай борборлоштурулган көзөмөл өкмөттүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому кабыл алынгандан кийин жүргүзүлө баштаган.

Жогоруда аталган токтом кабыл алынганга чейин фонд жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ээ болгон эмес, мамлекеттик ишканалар көзөмөлдөгөн министрликтер жана ведомстволор менен түздөн-түз иштешип келген, бул алардын рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн себептеринин бири болгон. Бул токтомдун толук аткарылышы мамлекеттик ишканалардын ишин бир кыйла жакшыртат.

Ошону менен бирге бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын учурдагы жана узак мөөнөттүү артыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттин катышуусу менен ишканаларды башкаруу системасын кайра карап чыгуу, ар бир жеке ишкананын иштешинин экономикалык максатка ылайыктуулугун талдоо зарылчылыгы келип чыгууда.

Алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн алкагындагы негизги милдеттер:

  • башкаруу органдарына кадрларды тандоо жана системанын айкындуулугун, ачыктыгын жогорулатуу;
  • коомдун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн мотивациясынын жана жоопкерчилигинин системасын күчөтүү;
  • "көз карандысыз директорлор" институтун практикага киргизүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11206