Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери террористтик уюмду жактаганга шектелүүдө
RU

Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери террористтик уюмду жактаганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды. Коопсуздук комитеттен кармалган жаран мурда Коргоо министрлигинин кызматкери болгон дешет.

Маалым болгондой, 27-мартта УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу, 1995-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын А.К. аттуу тургуну кармалды. Ал мурда Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

Кармалган жаран 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал уюм тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирия Араб Республикасына өтүп кетүүгө аракет кылган.

Бул факты боюнча 37-256-берененин 2-бөлүмү (Кылмыш жасоого аракеттенүү - Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11235