Call-борбор: Кызыл-Кыя шаарынын мугалимдерин жума сайын ишембиликке чыгууга мажбурлашууда
RU

Call-борбор: Кызыл-Кыя шаарынын мугалимдерин жума сайын ишембиликке чыгууга мажбурлашууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мугалимдери Kaktus.media`нын Call-борборуна кайрылышты.

"Мен өзүмдүн жана кесиптештеримдин азабын бөлүшкүм келет. Биз Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мамлекетибиздин жыргалчылыгы үчүн жашап, иштеп жатабыз. Ал эми биздин укугубуз, мугалимдердин укугу сакталса жакшы болмок. Ар аптанын ишемби күндөрү мыйзамдуу эс алуу күнүндө бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын, ЖОЖдордун жамааттары ишембиликтерге тартылышат. Албетте, шаардын көчөлөрүн, борбордук жолдорду тазалоо жана башка мектептин аянтчаларында ишембиликтерди жургүзүүгө каршы эмпеспиз. Биз үйүбүздүн айланасын тазалап жатабыз. А бирок акырында шаар көчөлөрүн эмнеге биз тазалашыбыз керек? Бизде коммуналдык кызматтар жокпу? Ал эми дем алыш күндөрү үй-бүлөбүз менен өткөрбөй, карыган ата-энелерибизге зыярат кылуунун, жаңы окуу жумасына даярдануунун ордуна, биз барып, көчө тазалайбыз. Анда эмне үчүн "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзам кабыл алынган? Бизди ким коргойт?", - деп жазылган кайрылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11245