"Ата-Журт Кыргызстандан" талапкер, Оштун экс-вице-мэри азык-түлүк таратты деп айыпталууда
RU

"Ата-Журт Кыргызстандан" талапкер, Оштун экс-вице-мэри азык-түлүк таратты деп айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КРдин Башкы прокуратурасы, ИИМ жана БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобу "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын талапкери Жасур Азимовго тиешелүү арызданууну териштирип жатышат. 1-мартка чейин ал Ош шааарынын вице-мэри болуп келген, эми депутаттыка аттанып жаткан чагы.

Видеодо көрүнүп тургандай үгүт иштерин жүргүзгөндөр жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, өздөрүн "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынанбыз деп тааныштырып, таратылып жаткан азык-түлүк аларга Азимовдон берилген, деп айтып жатышат.

Колдорунда эркек кишинин сүрөтү тартылган баракчасы бар.

Ош шаарыдк кеңештеги 45 орунга 10 саясий партия атаандаштыкка чыгышкан.

Kaktus.media партиянын өзү менен байланышканда бул окуя боюнча кечирээк маалымат беребиз деп убада кылышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1124