"Бул ак үйдүн забору эмес". Хамрахон Зарифи Ташиевге Ворух боюнча жооп берди
RU

"Бул ак үйдүн забору эмес". Хамрахон Зарифи Ташиевге Ворух боюнча жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин экс-жетекчиси Хамрахон Зарифи УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жооп кайтарды. Ал бул кырдаал боюнча пикирин Facebook баракчасына жарыялаган.

Ташиев жакында берген басма сөз жыйынында коңшуларга 12 миң гектар жерди алмаштырууну сунуштаганын маалымдаган. Башкача айтканда, Ворухтун жерин Баткен облусундагы жерге.

Белгилей кетсек, мурунку чиновник Ташиевге карата бир топ орой сүйлөгөн. Өзүнүн публикациясында Ворухтун жери ар дайым Тажикстандыкы болуп келген деп баса белгилеген.

"Тажикстандын аймагы - бул "Ак үйдүн" забору эмес. Силер Кыргызстанда жыл сайын төңкөрүш уюштуруп, аны революция деп атап алгансыңар. Президенттериңерди элдин лидери катары кабыл албайсыңар. Силер үчүн президент коңшу айылдан келген "чоң муштум". Эгер ал качып жетишпесе, аны түрмөгө камап саласыңар. Андан кийин түн уйкудан калып, качан кайра түрмөдөн чыгып, жаңы төңкөрүш жасап ийет, деп санааркап жашайсыңар", - деп Хамрахон Зарифи жазган.

"Тажикстан бул эгемен өлкө, анын чек аралары талашсыз, жана Тажикстандын делегациясы өзүнүн элин жана коңшу кыргыз элин тиешелүү чечимдер кабыл алынмайынча билдирүүлөрдү жасап тынчын албайт.

Тажиктердин жерин башка тажик жерлерине алмашууну сунуштабай эле койгула!", - деп кесе сүйлөгөн.

Аягында, бул анын жеке жаран катары ойлору жана Тажикстан өкмөтүнүн позициясы болуп саналбайт, деп белгиледи.

Эскерте кетсек, Ташиев айткан сөздөргө Тажикстандын бийлиги расмий түрдө жооп кайтара элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1125