Сузактагы Кадастрдын үч кызматкери жер документтерин жасалмалаган деп шектелүүдө
RU

Сузактагы Кадастрдын үч кызматкери жер документтерин жасалмалаган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР УКМК кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин үч кызматкерин кармашты. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, документтерди жасалмалаган жана жер тилкесин мыйзамсыз берген деп айыпталууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.З.Т. жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн азыркы адистери А.Э.И. жана М.А.кармалган.

"Алар жасалма документтерди (жер участогун жана долбоордук документтерин бөлүп берүү боюнча) колдонуу менен жерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө шектелүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Кылмыштуу схемага тиешеси бар башка адамдар такталууда. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11276