УКМК кызматкеримин деп бизнесменден жарым миллион сом жана бир унаа алган. Шектүү кармалды
RU

УКМК кызматкеримин деп бизнесменден жарым миллион сом жана бир унаа алган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздуз мамлекеттик комитети 1985-жылы туулган Муратбеков Данияр Муратбековичти (дагы толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда кармады. Ал өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, жеке ишкерлерден ири суммадагы акчаны алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам ар кандай ысымдагы бир нече Кыргыз паспорттору менен өзүн УКМК кызматкери катары жана болжолдуу түрдө "түштүк аймагы боюнча координатор" катары көрсөткөн. Ал жеке ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен ири суммадагы 466 000 сомду жана Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаасын алып алган деп шектелүүдө.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан келтирилген далилдердин негизинде кармалган жаран УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Кармалган жарандын аракеттеринен жабыр тарткандардын бардыгын атайын кызмат УКМКга кайрылууну сунуштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11282