№47-колониянын ордуна курулуп жаткан кичи район бир жарым жылдан кийин бүтөт
RU

№47-колониянын ордуна курулуп жаткан кичи район бир жарым жылдан кийин бүтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына билдирүү жарыялады. Анда быйылкы жылга пландалган курулуштар боюнча маалымат берген.

"Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт" деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.

Быйыл жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө.

Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк. Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт.

5500 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак-жай беребиз.

Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат. Аларды дагы ипотекалык компания аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз.

Мамлекеттик кызматкерби, мигрантпы же жөнөкөй ишкерби айырмасы жок.

Кыскасы, жалпы өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй- бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз.

Кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз", - деп айтылат анда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11294