"ЧБДнын" Хасбик менен болгон чыгарылышы сутка ичинде 22 миллиондон ашык жолу көрүлдү
RU

"ЧБДнын" Хасбик менен болгон чыгарылышы сутка ичинде 22 миллиондон ашык жолу көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Хасбик (Хасбулла Магомедов) жана юморист Богдан Лисевский менен болгон "Что было дальше?" көрсөтүүсүнүн жаңы чыгарылышы бир күндө 22 миллиондон ашык көрүлдү.

Чыгарылыш 1-апрелде эртең менен "ВКонтакте" социалдык тармагындагы шоунун баракчасына жарыяланган.

Жаңы чыгарылыштын коноктору "Плюшки" шоусунун алып баруучусу, Comedy clubдын экс-резиденти Богдан Лисевский жана дагестандык блогер Хасбулла Магомедов (Хасбик) болушту.

"ЧБДнын" курамы өзгөргөн эмес, 2022-жылдын январь айынан бери чыгарылышка куудулдар Нурлан Сабуров, Тамби Масаев, Илья Макаров, Эмир Кашоков жана Алексей Щербаков катышып келишет.

Алгач "ЧБД" кайра жанданаарын Нурлан Сабуров менен Тамби Масаев бир нече жума мурун кабарлашкан. Куудулдар социалдык түйүндөрүндө жаңы сезондун тартылуусуна билеттер сатыла баштаганын жарыялашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11303