13 чиновникке жерлерди мыйзамсыз бөлгөн деген айып тагылды
RU

13 чиновникке жерлерди мыйзамсыз бөлгөн деген айып тагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун суу коргоо зоналарындагы жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерилди. Натыйжада жеке жактарга Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жерлерди мыйзамсыз берүү, ошондой эле шаар куруу, уруксат берүүчү жана белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Маалымдалгандай, Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдын пайдасына мыйзамсыз берилгени аныкталды. Ошол эле учурда суу коргоо зоналарынын аймагында имараттарды курууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан, кызмат адамдар архитектуралык уруксат беришип, суу фондунун жерлерине коммерциялык курулуштар курулуп кеткен.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.Р.Ж. жана жеке жак С.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бул факты боюнча 337-берененин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү кызматкерлери кармалды:

  • Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А.;
  • Мамкурулуштун Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери жана кызмат адамдары К.Б.У., М.М.Т., К.Ч.К., М.Ч.М., А.Н.Р.;
  • Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик кызмат адамдары К.Б.Т., М.Б. жана К.А.А.;
  • Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери жана кызмат адамдары К.Э.Н. жана Б.А.Ш. карата айып тагылды.

Азыркы учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, ушул сыяктуу республиканын суу фондуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз берүү жана ал жерлерге куруу фактыларын аныктоо иштери уланууда.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11319