19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевге прокурор алты жыл сурады
RU

19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевге прокурор алты жыл сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевге байланыштуу соттук отурум уланды.

Сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү. Отурумдун жүрүшүндө прокурор Жекшеналиевди бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, массалык башаламандыктар жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанууну өтүндү.

Прокурор белгилегендей, сот айыпталуучунун жашын жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын эске алышы керек. Ал эми Ырыс Жекшеналиевди 6 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын түзөтүү колониясында өтөөнү суранды.

Эске салсак, буга чейин Ырыс Жекшеналиев социалдык тармактарда Жетим-Тоо кенин иштетүү идеясын сындаган бирөөнүн билдирүүсү менен бөлүшкөн. Бул билдирүүгө карата Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына "жалган патриотторго" чара көрүлүшү керектигин жазган. Мамлекет башчы кендин жеке колго өткөнү тууралуу маалымат жалган экенин айткан. 12-августта Нарында жергиликтүү тургундардын митинги болуп, алар "Голд Контент" ишканасын темир казуу лицензиясынан ажыратууну талап кылышкан. Андан соң Жекшеналиев кармалып, СИЗОго киргизилген. Бирок 26-октябрда ал үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11326