"Чукуламай көп". Нарматова саясатчылардын декларациясын ачыктагандарга сын айтты
RU

"Чукуламай көп". Нарматова саясатчылардын декларациясын ачыктагандарга сын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналисттер жана блогерлер депутаттар менен аткаминерлердин мал-мүлкү тууралуу декларациясын көрүп алып, маскарасын чыгарып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова айтты.

"Өз мээнет менен иштеп тапкандын барын блогер, журналисттер "ушундай мүлкү бар экен" деп маскарасын чыгарып, жаманатты кылып жазып жатышпайбы! Декларациядан көрүп алышып саясатчыларды кылмыш кылып койгондой жазышат. Биз бул мыйзамды колдой турган болсок журналисттер алардын аркасынан түшпөй, каяктан алдың, уурдадың дей албайбы ошондо?" - деди депутат.

Бул суроого экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев андай суроолор жок болот деп айтты.

"Бизде чукуламайлар көп болгону үчүн байларыбыз тапкан каражатын сыртка алып чыгып кеткенге аракет кылып жатышат. Мамлекеттик органдар текшерет, ошол эле учурда биз бири-бирибизди чукуйбуз. Декларация толтурганда миллиардерлер жашырып, томояк аталып, ошол эле учурда мыйзамды сыйлап, мал-мүлкүн көрсөтүп койгон адамдардын шермендесин чыгарып, өлтүрүп жатасыңар. 30-40 жылда балдары менен чогулткан мүлкүн каяктан таптың, уурдап алдың деп", - деди Нарматова.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Жогорку Кеңештин бюджет жана экономика комитетинде жарандар болгон мал-мүлктүн барын ачыктаса, аны каяктан алгандыгын текшербөөгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11339