Ошто 5 жана 6 жаштагы кыздарга ыплас аракеттер жасалган
RU

Ошто 5 жана 6 жаштагы кыздарга ыплас аракеттер жасалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу шаарында 44 жаштагы киши кичинекей 2 кызга ыплас иш-аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 3-апрелде Кара-Суу ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө бидирүү түшкөн. Анда белгисиз киши 2017-жылы туулган кызды колунан кармап унаасына отургузганы айтылган. Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Такталгандай, 29-мартта 44 жаштагы киши 5 жана 6 жаштагы кыздарга унаасында ыплас аракеттерди жасаган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сүрөт: bulak.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11397