Балбак Түлөбаев арзан айыл чарба кредиттери элге жетпей, баягылар эле алып жатканын айтты
RU

Балбак Түлөбаев арзан айыл чарба кредиттери элге жетпей, баягылар эле алып жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Арзандатылган пайыз менен берилген айыл чарба насыялары элге жетпей эле. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 6-апрелиндеги жыйынында депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал белгилегендей, жеңилдетилген насыяларды ала албай, нааразы болуп жаткандар көп.

"Алты пайыздык айыл чарба кредитин берип жатабыз деп жатабыз, бирок элге жетпей эле да. Баягылар эле алып жатат, иштеп жүргөндөр жолдорун билет экен. Карапайым элге жеткирүүнүн жолун издешибиз керек. Болбосо муну жөн эле коюш керек, элди экиге бөлүп ызы-чуу кылбай. Өкмөт менен отуруп иштебейлиби, карапайым элге жетсин, болбосо жарыялабай эле коюш керек. Бул чоң көйгөй", - деди эл өкүлү.

Эске салсак, быйыл "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун алкагында фермер, дыйкандарга 3 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берүү мерчемделген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11404