Ташиевге кайрылгандан кийин гана 33 жаштагы жаранга паспорт берилди
RU

Ташиевге кайрылгандан кийин гана 33 жаштагы жаранга паспорт берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-апрелде Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Максим Чернышовго Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырды. Кайрылган киши үй-бүлөлүк шартына жана учурдагы турмуштук абалына байланыштуу документтерин ала алган эмес деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

16-мартта Чернышов УКМКнын төрагасына видео кайрылуу жазып, анда Кыргызстандын улуттук паспортун документтештирүүгө жардам сураган. 1990-жылы биологиялык ата-энеси Максимди Октябрь балдар үйүнө таштап кеткен. Үч күндөн кийин аны Алексей Чернышов (1994-жылы каза болгон) жана Татьяна Чернышова (2020-жылы каза болгон) багып алышкан. Максимдин айтымында, ал документ алуу үчүн бийлик органдарына бир нече жолу кайрылган, бирок Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон ата-энелердин жана баштапкы документтеринин жоктугунан паспорт алуу аракеттеринин бардыгынан майнап чыккан эмес.

Максим Чернышовдун кайрылуусунан кийин алгачкы документтер калыбына келтирилип, буга ылайык ага ID-карта жана паспорт тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11412