Ак-Ордодогу жер маселеси: Алдамчылык жолу менен жер саткан дагы бир жаран кармалды
RU

Ак-Ордодогу жер маселеси: Алдамчылык жолу менен жер саткан дагы бир жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин тапшырмасынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча "Коррупция" менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогоруда белгиленген берененин негизинде шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Учурда бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын алдында өтүнүч козгоо стадиясында турат.

Аталган жаран 2010-2019-жылдары Ак-Ордо жаӊы конушундагы №498, 511, 519 контурларда жайгашкан жалпы аянты 12,7 га үлүш жерлерин өз-өзүнчө аянты 4 сотыхдан бөлүп, турак-жай курууга мыйзам талаптары боюнча жол берилбестигин билип туруп, жарандарга 1500ден 5000 долларга чейин баалап ишеним кат менен сатып жибергендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, аталган кылмыш ишинин алкагында Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жаран кармалышкан болчу.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11413