Ата Мекендик согуштун ардагери 101 жашында каза болду. Анын сөөгүн коюуда көйгөй жаралууда
RU

Ата Мекендик согуштун ардагери 101 жашында каза болду. Анын сөөгүн коюуда көйгөй жаралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатолий Августовский каза болду.

Шаардык кеңештин депутаты Айканыш Ашырова Kaktus.media сайтына билдиргендей, анын сөөгү эртең, 7-апрелде Селекция көрүстөнүнө коюлат.

"Бирок анын "аялымдын сөөгү коюлган жерге менин сөөгүмдү көмгүлө" деген өтүнүчү бар эле. Ал үчүн ардагер 20 жыл мурун түштүк-батыш көрүстөнүнөн жер сатып алган", - деди Ашырова.

Депутат түштүк-батыш көрүстөнүнө азыр сөөк коюуга тыюу салынганын, бирок ардагер аялынын мүрзөсүнө жакын жерди тыюу салына электе эле сатып алганын эске салды.

"Ал жерди сатып алуу боюнча документтерин жоготуп алган, бирок алар көрүстөн администрациясынын архивинде калган болушу мүмкүн. Албетте, эгерде жерди башка адамдарга сатып салышкан болбосо", - деп белгилейт депутат.

Өткөн жылы ардагер 100 жылдык мааракесин белгилеп, андан соң аны Биринчи Май районунун акиминин орун басары Жээнбек Осмоналиев зыярат кылган.

"Жолугушууда ардагерди сатып алган жерге, жубайынын жанына коюуга жардам берем деп убада берген. Бирок эч жардам берген жок", - деп кошумчалады.

Шаар бийлиги аны менен жеке баарлашууда ардагердин акыркы тилегин аткарууга жардам бере албастыгын айтып, өкмөткө кайрылууну сунушташкан.

"Бирок аны эртең жерге берүү керек, адегенде Казакстан менен чек арага жакын жердеги көрүстөнгө алып бармакпыз. Бирок мен жардам сурагандан кийин Селекциялык көрүстөнгө коюуну чечишти. Капаланткан нерсе: биз ардагерлерди 9-майда гана эстейбиз. Эч ким анын акыркы каалоосун жана укугун аткаруу үчүн жардам берүүгө аракет кылган жок. Болбосо ардагер аялынын жанынан жерди эбак сатып алып койгон да", - деди Ашырова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11417