УКМК: Кызыл-Кыяда суу түтүктөрүн жаңылоо иштери сапатсыз аткарылып, иш жогору бааланган
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана "Суу-Канал" муниципалдык ишкананын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. УКМКдан маалымдашкандай, алар шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда мыйзамсыз аракеттерге барышкан.
Такталгандай, Кызыл-Кыя шаарынын суу менен камсыздоо системасын жаңылоо долбооруна 2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы 6 000 000 евро бөлүнүп, ишти жүзөгө ашырууда сапатсыз жана аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды.
Учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат.
Жогорудагы факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан 337-берененин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.