Ишкерди ур-токмокко алып, 350 миң сом талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
RU

Ишкерди ур-токмокко алып, 350 миң сом талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн опузалап акча алып жаткан жеринен кармады. Коопсуздук комитеттен маалымдашкандай, ал жеке ишкерден 350 миң сом талап кылган.

Белгиленгендей, ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жеке ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч колдонуп унаага салып, Бишкектин четине алып барышып, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылышып, күрөөгө Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкен.

Бул факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан 208-берене (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 6-апрелде С.А.С. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалып, бактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин жою боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11451