Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча Бишкек ШИИББдин мурдагы жетекчичсине айып тагылды
RU

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча Бишкек ШИИББдин мурдагы жетекчичсине айып тагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын тергөөчүсү Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча Бишкек ШИИББдин мурдагы башчысы Бакыт Матмусаевди шалаакылыкка айыптады. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда иш айыптарды ырастоо үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

"Сөз прокуратурада, эгер ал айыпты жактырса, иш маңызы боюнча кароо үчүн Биринчи Май сотуна жөнөтүлөт", - деди Токтакунов.

"Адилеттикке жеттик дегенге али эрте, анткени коррупция жана милиция менен прокуратуранын тилектештиги актуалдуу. Мындан тышкары айып коюлган берененин эскирүү мөөнөтү бир жылдан кийин бүтөт жана соттук териштирүүлөр көпкө созулушу мүмкүн. Биздин соттордо бюрократиялык былыктык жогорку деңгээлде", - деп баса белгиледи юрист.

Токтакунов кошумчалагандай, мындай жогорку кызматтагы кызматкердин шалаакылыгы үчүн УКМКнын кызматкерлери тарабынан айыпталышы мактоого татырлык болгону менен тергөөнүн кемчиликтери бар. Биринчи Май РИИБдин начальниги жана нөөмөтчү тергөөчүсү жоопко тартылган эмес.

Эске салсак, Бакыт Матмусаев жана анын орун басарлары Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча коомчулукта нааразылык жараткандан кийин кызматтан алынган.

***

  • 2021-жылы 5-апрелде 07:30, 27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектен, Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдашкан. Ала качуу учуру видеого тартылып калган. Болжол менен ала качууга үч адам катышкан.
  • 5-апрелде, саат 12:00ден кийин Айзаданын апасы милицияга кайрылган.
  • 6-апрелде Айзаданын туугандары ММКларга кайрылып жардам сурашкан.
  • 7-апрелде малчы изделип жаткан Айзаданы жана Замрдин сөөктөрүн талаада, ылайга тыгылып калган унаанын ичинен тапкан.
  • 8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында Айзданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11497