Азия чемпионаты: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук командасы 2-орунду ээледи
RU

Азия чемпионаты: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук командасы 2-орунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында командалык тизмеде экинчи орунду ээледи.

10 балбандан турган грек-рим боюнча Улуттук команданын жетиси байгеге ээ болду. Алардын ичинен Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков алтын медаль тагынса, Үзүр Жусупбеков күмүш байгеге ээ болду.

Ал эми Раззак Бейшекеев, Адилхан Нурланбеков жана Роман Ким коло медаль алышты.

Командалык эсепте биринчи орунга Иран балбандары ээ болду.

Ал эми үчүнчүгө Казакстандын спортчулары чыкты.

Эске салсак, күрөш боюнча Азия чемпионаты Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.

Бүгүн, 11-февралда килем үстүнө кыз-келиндер чыгып башташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11518