Тергөөнү токтотуу үчүн 3 миллион сомдон ашык пара сунуштаган жаран кармалды
2696
Баткендин тургуну 3 миллион сомдон ашык пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашат.
slide 3 of 2
Ал аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/11528