Унаанын багажында буттары салаңдап бараткан жаран аныкталды. Айдоочу окуяны айтып берди
RU

Унаанын багажында буттары салаңдап бараткан жаран аныкталды. Айдоочу окуяны айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айдоочу унаанын багажына киши салып бара жатканын, анын буттары салаңдап бараткан видеону социалдык тармактын колдонуучулары таратышууда. Видео талкууга алынып, көпчүлүгү багаждагы жаранга кабатыр болушкан.

Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы унаанын айдоочусун таап, протокол түзүштү.

Ал эми айдоочу окуя тууралуу буларды билдирген. "Иним менен чүкүрү тергени адырга чыкканбыз. Келе жатканда багажым ачыла берди. Инимди багажга отургузуп, аны карматып кеткенбиз. Мыйзамды билген эмеспиз. Катачылык кетти, кечирип коюңуздар", - деген айдоочу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11536